-Поиск по дневнику

Поиск сообщений в Yusuf_Kamal

 -Подписка по e-mail

 

 -Интересы

арабы даават джихад ислам кафиры книги мусульмане пророк с.а.с. религия секты султан бей барс халифат халифы хизб ут тахрир христианство

 -Постоянные читатели

 -Статистика

Статистика LiveInternet.ru: показано количество хитов и посетителей
Создан: 17.09.2008
Записей:
Комментариев:
Написано: 17

Жакшылык жерде калбайт

Дневник

Понедельник, 11 Ноября 2013 г. 14:39 + в цитатник

Мен магистрдикке дипломдук иш жазып жаткан кезимде, ар кандай топторго тиешелүү болгон китептерди окуп чыктым. Алардын арасында "прагматизм" деген бир философтук топко тиешелүү болгон дагы китептерди окууга туура келди.
Бул топтун негизги түшүнүгү болуп ар бир нерседен пайда алуу, ар бир иштен, ар бир амалынан материалдык пайда табуу болуп эсептелинет экен.
Бул агымдын китептерин окуу менен эмне себептен батышта баласы атасын таштап кетерин, эмне себептен баласы менен атасы ашканада чоогу тамак ичсе ар бириси өзү үчүн акча төлөп кетерин да түшүнө баштадым. Чын эле да, мен сенден эч кандай пайда көрбөсөм мен сага эмне себеп бир нерсе кылып беришим керек? Эмне себеп, мен эч кандай сенден материалдык пайда таппасам, мен сага өз убактымды, өз илимимди коротуп, сага жардам кылып же жардам кылууга аракет жасашым керек?
Мына бул топтун окуусунун маныз ушундай. Бирок, ислам дини бул топтун ой мүдөөсүнө такыр карама каршы келген ойду алып келип, мындай түшүнктү түп тамырынан алмаштырган.
Курандын Бакара сүрөсүндө Аллахтан мындай аят мааниси келген:"Кайрымдуулук кылгыла. Аллах кайрымдууларды сүйөт."
Ал эми Аллахтын элчисинин : "Бир бурадарга жардам кылуу үчүн анын менен катар барганы, мен үчүн, ал бурадар бир ай бою мечитте отургандан сүйкүмдүрөөк. Диндеги тууганына жардам кылганга, Аллах сөзсүз Өз жардамын берет" деп айтканы бир хадис маанисинде келген.
Бир ирээт күн аял Пайгамбарыбызды жолдон "Менин сага жумушум бар эле" деп токтоткондо, ал анын жанына токтоп бир далай анын арыз муунун угуп, аялдын суранычы боюнча, анын машакатын чечиш үчүн ал аял менен кожоюнуна барганы бир хадис маанисинде келген.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ар дайым мусулмандар менен баарлашып, алардын муктаждыктарынан кабар алып, алар менен кичи пейил, аларга болгон махабаты менен, аларга болгон жүрөгүндөгү камы менен сүйлөшүп турчу эле. Ал кедейдин кедейчилигинде кошо болуп, кайгыргандын кайгысын чогуу бөлүшүп, зар болгондун муктаждыктарын чечүүгө болгон аракетин жумшап, ооругандын оорусун тен бөлүшкөн.
Карагыла, Муслидин хадистер жыйнагында Пайгамбарыбыз менен болгон кандай окуя баяндалган:
Бир ирээт Пайгамбарыбыз мечитте отурганда, Недж тараптагы Мудар деген уурудун келген бир топ мусулмандарды көрүп калды, алар ийне жип алууга акчасы болбогондуктан, бир кат чүпөрөктүн ортосун башы баткандай кылып кесип алышып, ошол чүпөрөктү көйнөк кылып кийип алышкан эле. 
Алар ушул кейиптеринде Пайгамбарыбыздын алдына келишти, алар ушунчалык кедей болгондуктан, кийген шымдары да жок эле, баштары жыланбаш, суук күндөн калкалоочу чапандары да жок эле.
Пайгамбарыбыз алардын жолдон чарчап чалыкканын, алардын ачкалыгын, алардын кедейлигин көргөндө, ордунан туруп үйүнө кирди. Үйүнөн аларга садага кылып берүүгө эч нерсе таба алган жок, экинчи бөлмөсүнө кирип ал жерден да эч нерсе табалбады, ал бул кедей мусапырларга бир нерсе берейин деп үйүнөн издеп жатты, эч нерсе табалбады.
Андан кийин ал мечитке барып бешим намазын окуган соң минбарга көтөрүлүп, бул создөрүн баштады:
Алгач ал Аллахты улуктап, андан сон "Албетте Аллах Өз китебинде мындай аятты түшүргөн: " Эй, адамдар! Силерди бир жандан, андан жубайын жаратып, алардан көп аял-эркектерди тараткан Раббыңардан корккула! Ысымы менен бири-бириңерден сурай турган Аллахтан корккула жана тууганыңардан алыстап кетүүдөн абайлагыла. Албетте, Аллах силерди Байкоочу."
Андан сон ал бул аят маанисин окуду:
"Момундар! Алладан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне дайардаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар."
Ал адамдарга дагы башка аяттарды окуп, аларды жакшылык кылууга үндөп жатты.
Бир убактта ал үнүн жогорлатып, мусулмандарга мындай деп кайрылды:
Садаганы бере албай калган кезге чейин берүүгө шашылгыла. Садага менен силердин ортонордо тосмо пайда болгонго чейин садаганы берүүгө шашылгыла. Ар биринер өз акчанар, тыйынынар, эгининер, кара сулуунар менен садага бергиле жана садаганын бирөөсүнда адам этибарга алынбаган нерсе деп ойлобосун."
Андан сон Пайгамбарыбыз садаганын түрлөрүн атап келип "Жарым курма болсо дагы садага кылып берүүгө шашылгыла" деди.
Ошондо мечиттеги бир ансар туруп жанында болгон жарым куржун акчасын садага иретинде Пайгамбарыбызга тапшырды, Пайгамбарыбыздын жүзүнөн ансардын бул кылган амалы жакканы байкалып, ансардын бул ишине абдан кубанды да:
"Кимде ким Исламда жакшы иш баштаса анын сообун жана ал баштаган ишти Кыямат Күнгө чейин аткарган адамдардын сообун да алат" деди.
Адамдар мечиттен чыгып үйлөрүнө жөнөп, ар кимиси кайра мечитке садага иретинде колунан келген нерселерин алып келишти бири акча алып келсе, бири кийим кече, кээ бирөөсү тамак-аш, бирөөсү да кур кол кайткан жок.
Бат эле Пайгамбардын алдында садагага келген кийим кече, тамак-аштан турган эки үймөк пайда болду, Пайгамбарыбыздын жүзү кубанган себебинен нурланып турду, ал ошол замат бул нерсенин баарын кедей-кембагалдарга таратып баштады" Мыны ушул окуя Муслимдин хадистер жыйнагында келтирилген.
Мына, Пайгамбарыбыз ар бир адамдын муун-кайгысын, оорчулугун, алардын муктаждыктарын жүрөгүнөн өткөрүп, ар бирисине жардам берүүгө аракет кылган.
Сен да мусулмандардын кайгысын, муктаждыгын, оорусун жүрөгүнөн өткөрүп, аларга чын ниетинен жардамдашууна эмне тоскоол боло алат? Эч нерсе! Жол тоскон мусулманды көрдүнбү? Жеткирип кой! Ачка калган мусулманды көрдүнбү? Тамак алып берип кой! Жер казып жаткан бурадарды көрдүнбү? Кол кабыш кылып кой! Баары эле женил нерсе, эч кандай оорчулугу жок, аткарууга. Бүгүн сен бир мусулманга жакшылык кылсан, Аллах эртен ал мусулманды сенин муктаждыгындын чечилишинин себепкери кылып коюсу толук ыктымаал экенин эсинен чыгарбы бурадар
Башка мусулмандардын камын ойлоп жашоо - машакаттуу жашоо, бирок бул пайдасыз жашоодон айырмаланып, чыныгы манызга толгон жашоо!
Мужаммад Арафи

Кыргыз тилиндеги ислам форуму


Метки:  

 Страницы: [1]