-Поиск по дневнику

Поиск сообщений в Yusuf_Kamal

 -Подписка по e-mail

 

 -Интересы

арабы даават джихад ислам кафиры книги мусульмане пророк с.а.с. религия секты султан бей барс халифат халифы хизб ут тахрир христианство

 -Постоянные читатели

 -Статистика

Статистика LiveInternet.ru: показано количество хитов и посетителей
Создан: 17.09.2008
Записей:
Комментариев:
Написано: 17

Истинно,религия перед Аллахом Ислам

Хашр сүрөсү

Понедельник, 11 Ноября 2013 г. 18:05 + в цитатник

Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма төрт айаттан турат.

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.

1. Алланы асмандар менен жерде болгондордун баары даңктайт. Ал Ызааттуу , Даанышман.

2. Ал китеп ээлери[2] болгон каапырларды алардын турак жайларынан биринчи жолку жыйында[3] эле алып чыккандын дал өзү (Алла). Силер[4] алар чыгып кетет экен деп ойлогон эмес элеңер, а алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алла (Алланын азабы) болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла!

3. Эгерде Алла аларга[5] мекенди таштап кетүүнү жазбаганда,[6] аларды бул дүйнөдө жазалаар эле. Алар үчүн акыретте оттун азабы (бар).


4. Мына ушул алардын Аллага жана Анын Элчисине кылган каршылыктары үчүн, кимде-ким Аллага каршы чыкса, акыйкатта Алланын азабы катаал.

5. Силер курма дарагын[7] кесип салдыңар, же аны өз тамырында калтырдыңарбы, ал – бузукуларды мыскылдоо үчүн Алланын буйругу менен болгон (иштер).

6. Жана да Алла алардан[8] өзүнүн элчисине олжо берди, ал олжого силер ат да, төө да минип барган жоксуңар.[9] Бирок, Алла кааласа өз элчисин кимдин үстүнө (болсо да) үстөм кылып койот. Алла бардык нерселерге кудуреттүү.

7. Алла өз элчисине айланадагы калаалардан берген нерселер: ал – Аллага, Анын элчисине, пайгамбардын жакын туугандарына, жетимдерге, жарды-жакырларга жана жолоочуларга гана таандык; мунун себеби, силердин араңардагы байлардын гана колунда болуп калбашы үчүн.[10] Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла; ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла; Алладан корккула. Албетте, Алла жазалоодо – катаал.


8. Жана да кедейлерге, жер которгондорго[11]; алар Алланын ырайымын жана ыраазылыгын издешет, өз жерлеринен, малы-мүлкүнөн ажыраган жана алар Алла[12] менен Анын элчисине жардамдашышат. Мына ушулар чынчылдар.

9. Жер которгондор келгенге чейин орун дайардашып, ыйманын бекем кармап, көчүп келгендерди сүйүшөт. Аларга берилген нерселер үчүн жүрөктөрүндө бир да кызганыч табышпайт. Жана өздөрүнө караганда өзгөлөрдү жогору койушат, өздөрүндө жетишсиздик болуп турса да. Ким өз напсисин сараңдыктан сактаса, алар аныгында кутулуучулар[13].

10. Алардан кийин келгендер мындай дешет: “Эгебиз, бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба. Эгебиз, Сен албетте Мээримдүү, Боорукерсиң”.

11. Көрбөйсүңбү[14] эки жүздүүлөрдү. Алар китеп ээлеринен болгон каапыр туугандарына: “Эгер силер куулуп чыгарылсаңар, анда биз да силер менен бирге чыгабыз жана силер үчүн эч кимдин буйругуна баш ийбейбиз. Эгер силерге каршы согуш болсо, анда биз силерге сөзсүз жардам беребиз”, – дешти. Бирок, Алла алардын анык жалганчы экендигине күбөлүк берет.

12. Эгер алар куулуп чыгарылса, анда тигилер алар менен бирге чыгышпайт. Эгер аларга согуш ачылса, алар тигилерге жардам беришпейт, а эгер жардам беришсе, анда артын көздөй качып жөнөшөт. Анан эч жардам берилбейт.

13. Алардын жүрөктөрүндө Аллага караганда силерден коркуу көбүрөөк. Анткени, алар түшүнбөй турган коом.

14. Алар биргелешип алып силер менен согуша алышпайт. Согушса да курчалган коргондун ичинен же дубалдын артынан[15] гана. Алардын ортосунда айыгышкан душмандык (бар). Сен алар ынтымакта экен деп ойлойсуң. А алардын жүрөктөрү ар башка. Себеби алар акыл калчабаган коом[16].

15. өздөрүнөн бир аз мурдараак өтүп кеткен коом сыйактуу эле, алар кылган иштеринин азабын тартышты. Аларга катуу азап бар.

16. Шайтан сыйактуу. Себеби ал[17] инсанга: “Каапыр бол!” – дейт. Каапыр болгон[18] соң, ал: “Мен сенден алысмын.[19] Мен ааламдардын Эгеси болгон Алладан коркомун” – дейт.

17. Бул иштин натыйжасы ал экөө тең түбөлүк тозокко кирип, түбөлүккө калышат. Адашкандардын[20] жазасы мына ушундай.

18. Момундар! Алладан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне дайардаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

19. Алланы унуткандардан болбогула. Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган. Дал ошолор бузукулар.

20. Тозок ээлери менен Бейиш ээлери тең эмес. Бейиштин ээлери алар – ийгиликке жетүүчүлөр.

21. Эгерде Биз бул Куранды бир тоого түшүрсөк, анда сен ал тоонун баш ийген (абалда), Алладан коркконунан жарылып кеткенин көрөт элең. Буларды адамдарга мисал келтирип жатабыз. Мүмкүн алар ойлонушаар.

22. Ал – Алла! Андан башка кудай жок. Ал жашыруунду да, ашкерени да Билүүчү. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу!

23. Ал – Алла! Андан башка эч кудай жок, (Ал) Падыша, Эң Ыйык, Тынчтык ээси, Амандык ыроолоочу[21], Көзөмөлдөөчү[22], /стөмдүк Кылуучу[23]. Алар шерик кылган нерселерден Алла аруу (таза)!

24. Ал Алла, Жаратуучу, Түзүүчү, Келбет берүүчү. Ал көркөм аттарга ээ. Аны асмандар менен Жердегилердин баары аруулап, даңазалайт. Ал – Ызааттуу, Даанышман!
Кыргыз тилинде китептер


Жакшылык жерде калбайт

Понедельник, 11 Ноября 2013 г. 14:39 + в цитатник

Мен магистрдикке дипломдук иш жазып жаткан кезимде, ар кандай топторго тиешелүү болгон китептерди окуп чыктым. Алардын арасында "прагматизм" деген бир философтук топко тиешелүү болгон дагы китептерди окууга туура келди.
Бул топтун негизги түшүнүгү болуп ар бир нерседен пайда алуу, ар бир иштен, ар бир амалынан материалдык пайда табуу болуп эсептелинет экен.
Бул агымдын китептерин окуу менен эмне себептен батышта баласы атасын таштап кетерин, эмне себептен баласы менен атасы ашканада чоогу тамак ичсе ар бириси өзү үчүн акча төлөп кетерин да түшүнө баштадым. Чын эле да, мен сенден эч кандай пайда көрбөсөм мен сага эмне себеп бир нерсе кылып беришим керек? Эмне себеп, мен эч кандай сенден материалдык пайда таппасам, мен сага өз убактымды, өз илимимди коротуп, сага жардам кылып же жардам кылууга аракет жасашым керек?
Мына бул топтун окуусунун маныз ушундай. Бирок, ислам дини бул топтун ой мүдөөсүнө такыр карама каршы келген ойду алып келип, мындай түшүнктү түп тамырынан алмаштырган.
Курандын Бакара сүрөсүндө Аллахтан мындай аят мааниси келген:"Кайрымдуулук кылгыла. Аллах кайрымдууларды сүйөт."
Ал эми Аллахтын элчисинин : "Бир бурадарга жардам кылуу үчүн анын менен катар барганы, мен үчүн, ал бурадар бир ай бою мечитте отургандан сүйкүмдүрөөк. Диндеги тууганына жардам кылганга, Аллах сөзсүз Өз жардамын берет" деп айтканы бир хадис маанисинде келген.
Бир ирээт күн аял Пайгамбарыбызды жолдон "Менин сага жумушум бар эле" деп токтоткондо, ал анын жанына токтоп бир далай анын арыз муунун угуп, аялдын суранычы боюнча, анын машакатын чечиш үчүн ал аял менен кожоюнуна барганы бир хадис маанисинде келген.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ар дайым мусулмандар менен баарлашып, алардын муктаждыктарынан кабар алып, алар менен кичи пейил, аларга болгон махабаты менен, аларга болгон жүрөгүндөгү камы менен сүйлөшүп турчу эле. Ал кедейдин кедейчилигинде кошо болуп, кайгыргандын кайгысын чогуу бөлүшүп, зар болгондун муктаждыктарын чечүүгө болгон аракетин жумшап, ооругандын оорусун тен бөлүшкөн.
Карагыла, Муслидин хадистер жыйнагында Пайгамбарыбыз менен болгон кандай окуя баяндалган:
Бир ирээт Пайгамбарыбыз мечитте отурганда, Недж тараптагы Мудар деген уурудун келген бир топ мусулмандарды көрүп калды, алар ийне жип алууга акчасы болбогондуктан, бир кат чүпөрөктүн ортосун башы баткандай кылып кесип алышып, ошол чүпөрөктү көйнөк кылып кийип алышкан эле. 
Алар ушул кейиптеринде Пайгамбарыбыздын алдына келишти, алар ушунчалык кедей болгондуктан, кийген шымдары да жок эле, баштары жыланбаш, суук күндөн калкалоочу чапандары да жок эле.
Пайгамбарыбыз алардын жолдон чарчап чалыкканын, алардын ачкалыгын, алардын кедейлигин көргөндө, ордунан туруп үйүнө кирди. Үйүнөн аларга садага кылып берүүгө эч нерсе таба алган жок, экинчи бөлмөсүнө кирип ал жерден да эч нерсе табалбады, ал бул кедей мусапырларга бир нерсе берейин деп үйүнөн издеп жатты, эч нерсе табалбады.
Андан кийин ал мечитке барып бешим намазын окуган соң минбарга көтөрүлүп, бул создөрүн баштады:
Алгач ал Аллахты улуктап, андан сон "Албетте Аллах Өз китебинде мындай аятты түшүргөн: " Эй, адамдар! Силерди бир жандан, андан жубайын жаратып, алардан көп аял-эркектерди тараткан Раббыңардан корккула! Ысымы менен бири-бириңерден сурай турган Аллахтан корккула жана тууганыңардан алыстап кетүүдөн абайлагыла. Албетте, Аллах силерди Байкоочу."
Андан сон ал бул аят маанисин окуду:
"Момундар! Алладан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне дайардаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар."
Ал адамдарга дагы башка аяттарды окуп, аларды жакшылык кылууга үндөп жатты.
Бир убактта ал үнүн жогорлатып, мусулмандарга мындай деп кайрылды:
Садаганы бере албай калган кезге чейин берүүгө шашылгыла. Садага менен силердин ортонордо тосмо пайда болгонго чейин садаганы берүүгө шашылгыла. Ар биринер өз акчанар, тыйынынар, эгининер, кара сулуунар менен садага бергиле жана садаганын бирөөсүнда адам этибарга алынбаган нерсе деп ойлобосун."
Андан сон Пайгамбарыбыз садаганын түрлөрүн атап келип "Жарым курма болсо дагы садага кылып берүүгө шашылгыла" деди.
Ошондо мечиттеги бир ансар туруп жанында болгон жарым куржун акчасын садага иретинде Пайгамбарыбызга тапшырды, Пайгамбарыбыздын жүзүнөн ансардын бул кылган амалы жакканы байкалып, ансардын бул ишине абдан кубанды да:
"Кимде ким Исламда жакшы иш баштаса анын сообун жана ал баштаган ишти Кыямат Күнгө чейин аткарган адамдардын сообун да алат" деди.
Адамдар мечиттен чыгып үйлөрүнө жөнөп, ар кимиси кайра мечитке садага иретинде колунан келген нерселерин алып келишти бири акча алып келсе, бири кийим кече, кээ бирөөсү тамак-аш, бирөөсү да кур кол кайткан жок.
Бат эле Пайгамбардын алдында садагага келген кийим кече, тамак-аштан турган эки үймөк пайда болду, Пайгамбарыбыздын жүзү кубанган себебинен нурланып турду, ал ошол замат бул нерсенин баарын кедей-кембагалдарга таратып баштады" Мыны ушул окуя Муслимдин хадистер жыйнагында келтирилген.
Мына, Пайгамбарыбыз ар бир адамдын муун-кайгысын, оорчулугун, алардын муктаждыктарын жүрөгүнөн өткөрүп, ар бирисине жардам берүүгө аракет кылган.
Сен да мусулмандардын кайгысын, муктаждыгын, оорусун жүрөгүнөн өткөрүп, аларга чын ниетинен жардамдашууна эмне тоскоол боло алат? Эч нерсе! Жол тоскон мусулманды көрдүнбү? Жеткирип кой! Ачка калган мусулманды көрдүнбү? Тамак алып берип кой! Жер казып жаткан бурадарды көрдүнбү? Кол кабыш кылып кой! Баары эле женил нерсе, эч кандай оорчулугу жок, аткарууга. Бүгүн сен бир мусулманга жакшылык кылсан, Аллах эртен ал мусулманды сенин муктаждыгындын чечилишинин себепкери кылып коюсу толук ыктымаал экенин эсинен чыгарбы бурадар
Башка мусулмандардын камын ойлоп жашоо - машакаттуу жашоо, бирок бул пайдасыз жашоодон айырмаланып, чыныгы манызга толгон жашоо!
Мужаммад Арафи

Кыргыз тилиндеги ислам форуму


Метки:  

Мумтахана сүрөсү

Понедельник, 11 Ноября 2013 г. 03:08 + в цитатник

Мединада түшүрүлгөн. Он үч айаттан турат.

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.

1. Эй, ыймандуулар! Менин душманымды да, өзүңөрдүн да душманыңарды дос кылып албагыла. Силер аларга сүйкүмдүүрөк мамиле жасап жатасыңар, а алар болсо силерге келген акыйкатка ишенбей жатышат. Алар пайгамбар менен силерди Эгеңер болгон Аллага ишенип жатканыңар үчүн (мекениңерден) чыгарышууда. Силер Менин жолумда күрөшүү үчүн жана Менин ыраазылыгымды табуу үчүн чыкканыңарда, Менин душмандарымды жашыруун болсо да сүйбөгүлө. Мен силердин жашыруун кылганыңарды да, жарыйа кылганыңарды да жакшы билүүчүмүн. Силердин араңардан ким бул ишти жасаса, анда анын түз жолдон адашканы анык.

2. Эгер алар силерди жеңип алса, анда алар силерге душман болушат. Силерге жамандык менен, колдору менен тилдерин[2] суна башташат. Алар силердин да каапыр болууңарды каалашат.

3. Силердин туугандарыңар да, балдарыңар да Кыйамат Күнүндө силерге жардам кыла алышпайт. Ал силердин араңарды ажыратып (бөлүп) койот. Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.


4. Чындыгында Ибрахим пайгамбарда жана аны менен бирге болгондордо силер үчүн жакшы өрнөк бар. Алар элине: “Биз силерден жана Алланы койуп (таштап) сыйынып жаткан нерсеңерден[3] да алыспыз. Биз силерди тандык, Жалгыз Аллага ишенгениңерге чейин түбөлүк душмандык, жек көрүү биз менен силердин ортоңордо анык сакталат”, – дешти. Ибрахим атасына: “Мен сен үчүн (Алладан) кечирим сураймын, (бирок) Алладан (келчү) бир нерсени сен үчүн кайтарууга бийлигим жок“, – дегени (үлгү эмеспи).[4] “Биздин Эгебиз! Биз Сага гана тобокел кылабыз, Сага гана кайттык. Кулдук жана бир гана Сага кайтуубуз бар.

5. Биздин Эгебиз! Каапырлардын жолуна түшүп бизди адашуучу (азгырылуучу) кылбагын жана биздин күнөөлөрдү кечир; албетте Сен Улуу, Даанышмансың!

6. Аллага жана Акырет күнүнө ишенгендер үчүн мында[5] мыкты үлгү бар. Ал эми ким баш тартса, (анда) албетте Алла абдан Бай жана Мактоого татыктуу!

7. Балким Алла силердин ортоңор менен каршы болуп жаткандардын ортосунда достук орнотоор;[6] Алла Кудуреттүү, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

8. Алла диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыйуу салбайт. Акыйкатта, Алла адилеттүүлөрдү сүйөт.

9. Алла силердин диниңер үчүн силер менен согушкандар жана силерди үй-жайыңардан кууп чыккандар жана да силерди кууп чыгууда бири-бирине жардам бергендер менен достошууңарды тыйат. Ким алар менен достошсо, анда алар Алланын алдында – адашкандардан (болот).

10. Эй, ыймандуулар! Силерге момун айалдар[7] келген кезде аларды текшерип көргүлө! Алардын ишенич-ыйманын Алла жакшы билет. Эгер силер алардын момун экенин билсеңер, каапырларды көздөй[8] жөнөтпөгүлө. Анткени каапырлар үчүн алар адал[9] болбойт. Каапыр да тигил айалдарга адал эмес. Бирок аларга бергиле.[10] Тигилерге акыларын[11] берип үйлөнсөңөр да күнөөсү жок. Каапыр айалдарды өзүңөрдө кармап отура бербегиле[12] жана бергениңерди кайра өзүңөргө кайтарып берүүсүн талап кылгыла. Ошондой эле, алар[13] да тигилерден кеткен айалдары үчүн бергендерин талап кылса болот. Бул Алланын силердин араңарда жүргүзө турган өкүмү. Алла – Билүүчү, Даанышман. 

11. Эгер силердин айалдарыңардан кимдир бирөөсү каапырларга өтүп кетсе, а силер алардан[14] өч алсаңар[15], анда айалдары[16] таштап кеткендерге, алар ошол айалдарына канча төлөшкөн болсо, ошончолукту[17] бергиле. өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула!

12. Эй, пайгамбар! Эгерде сага момун айалдар келишип, Аллага бөлөк бирөөнү шерик кылбоого, уурулук кылбоого, айагы суйук – бузукулук кылбоого, өз балдарын өлтүрбөөгө, өз колу-буттарыбыз алдында болду[18] деп жалган жалааны айтышпоого жана жакшылык иштерде сага каршы болбоого убада-ант беришсе, анда алардын антын кабыл ал! Алар үчүн Алладан кечирим сура. Албетте, Алла Кечиримдүү, Боорукер.

13. Эй момундар! Алланын каарына калган элдер менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөлөрдөгү өлүктөрдөн үмүт үзгөн сымал, алар да Акыреттен үмүттөрүн чындап үзүшкөн.

 

Кыргызча куран мааниси Мумтахана сүрөсү

http://imam.su/library/index.php?id=1


Метки:  

Исламский каталог

Вторник, 25 Января 2011 г. 19:36 + в цитатник
довольно интересный каталог и рейтинг сайтов http://tawhid.in http://tawhid.in/top , чем они интересны так это во первых тем что там собраны исключительно wap сайты которые удобны для просмотров с мобильных телефонов , во вторых там можно узреть довольно интересные сайты исламской тематики по категориям исламская библиотека, исламские загрузки, исламские региональные сайты и так далее сайты. Если вы интересуетесь или исповедуюте Ислам то добро пожаловать.

Метки:  

Ваххабиты

Вторник, 28 Октября 2008 г. 00:02 + в цитатник
Кто они? Чем они отличаються от мусульман?

Метки:  

Хизбут Тахрир аль Исламия

Понедельник, 27 Октября 2008 г. 23:50 + в цитатник
Что вы думаете об этой организации? Еретична ли она? В чем ихние заблуждения?

Метки:  

Хизбут Тахрир

Понедельник, 27 Октября 2008 г. 23:43 + в цитатник
Что вы думаете об этой организации?

Метки:  

Давайте устремимся в Рай,иншаАЛЛАХ

Вторник, 07 Октября 2008 г. 21:32 + в цитатник
В последние 5-6 лет мы наблюдаем как неверные систематично истребляют мусульман.Это и Ирак и Афган и Палестина и Чечня. Неверные хотят чтоб мы жили по ихним законам,оставив шариат Аллаха.Что бы мы начали поклонятся ихней дермократии,начали бы подрожать им. Да убережет Аллах нас от этого,и на правит по пути Истины. Аминь. Молим Аллаха чтоб даровал Он нам победу

Метки:  

Геноцид мусульман

Вторник, 07 Октября 2008 г. 20:58 + в цитатник
В последние 5-6 лет мы наблюдаем как неверные систематично истребляют мусульман.Это и Ирак и Афган и Палестина и Чечня. Неверные хотят чтоб мы жили по ихним законам,оставив шариат Аллаха.Что бы мы начали поклонятся ихней дермократии,начали бы подрожать им. Да убережет Аллах нас от этого,и на правит по пути Истины. Аминь

Метки:  

Завтра праздник

Вторник, 30 Сентября 2008 г. 11:45 + в цитатник
Завтра,иншаАЛЛАХ(Если Аллаху будет угодно) у нас праздник Ураза байрам.Поздравляю всех муслим с этим праздником,пусть СубханАЛЛАХ примет все наши ибадаты,и возноградит нас Своим Благом за наши старания.Аминь

Метки:  

Почему?

Понедельник, 29 Сентября 2008 г. 20:20 + в цитатник
Много общаюсь с людми из разных стран,на тему Ислам.И меня поразил своим вопросом один брат из Латвии.Вот этот вопрос:Почему за 100 лет ни одна мусульманская страна не напала на стран не верных,а не верные более 20 раз нападала на мусульманские страны и в придачу мы еще являемся террористами?Почему не знаете?

Метки:  

Больно...

Понедельник, 29 Сентября 2008 г. 19:40 + в цитатник
Очень больно видеть и читать ежедневно по телеку и инету сообщения о зверствах по отнощению мусульманам со стороны неверных.Видеть как убивают твоих братьев и сестер в Афгане,Ираке,Чечне,да мало ли еще где,лежа на диване,становится очень и очень больно и стыдно.Стыдно за то что ты лежишь в тепле и уюте,как в это самое время твои братья и сестры ведут оборонительный джихад.Защищая свою религию и земли,надо сказать и мою религию от посягательств неверных.Как же больно осозновать что я живу по законам не верных,а не по законам Аллаха и не стараюсь сделать что либо чтоб изменить эту ситуацию,а мои братья и сестры в Афгане,Ираке,Чечне...

Метки:  

Кто мы есть?

Понедельник, 29 Сентября 2008 г. 19:15 + в цитатник
Кто мы есть?Для какой цели пришли в этот бренный мир,лишь для того что бы наполнять туалеты и одеватся со вкусом,женится и пополнить род человеческий своими генами,устроится на хорошую работу и делать карьеру и состарившись понять что таких работяг как мы на земле миллиарды и от нашей карьеры не было никакого толка для этого человечества.Так для чего мы созданы?

Метки:  

Дневник Yusuf_Kamal

Среда, 17 Сентября 2008 г. 21:08 + в цитатник
Ислам религия Истины?


Поиск сообщений в Yusuf_Kamal
Страницы: [1] Календарь